Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 08:55
USD
85.35
85.85
EUR
92.40
93.40
RUB
0.870
0.910

Бишкектеги жаңы конуштарда көчмө банктар иштөөдө

11.04.2020 11:58
1050
Бишкектеги жаңы конуштарда көчмө банктар иштөөдө


Бишкек шаарынын аймагындагы жаңы конуштарда көчмө банктар иштөөдө. Бул тууралуу  Ички иштер министринин орун басары жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.


Анын айтуусуна караганда, 10-апрелден тарта коммерциялык банктар жаңы конуштарда көчмө кызматтарын көрсөтүүдө.


“Таңкы саат 10:00дөн 15:00гө чейин Ак-Ордо, Арча-Бешик, Ала-Тоо, Мурас-Ордо, Калыс-Ордо, Ак-Босого жана Эне-Сай конуштарында көчмө кассалар иштей баштады. Өзгөчө абал учурунда “Керемет”, “РСК”, “Кыргызстан”, “Оптима”, “Финка”, “Дос-Кредобанк” жана “Бакай” банктар кызмат көрсөтүшөт”, - деди Орозалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн