Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо (сүрөт)

13.10.2020 14:35
1069
Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо (сүрөт)

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, бул 100 орунга эсептелген, объекттин курулушу 2020-жылдын июль айында башталган. Объекттерди каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 67,5 млн сом каржыланды.


Азыркы мезгилде 4-блоктон турган объекттин курулушу бүткөрүү алдында турат. Подряддык уюм тарабынан төмөндөгү жумуштар бүткөрүлдү: имараттын чатыры жабылды, потолоктор жылууланды, полдор бетондолуп бүттү, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып, жасалгалоо жумуштары бүткөрүлдү, эшиктер жана терезелер орнотулду, сырткы дубалдар профнастил менен чапталды, сырткы тепкичтердин тосмо дубалдарынын бетон жумуштары аягына чыкты.


Андан тышкары желдетүү каналдары, сигнализация тармагы, ичүүчү суу түтүктөрү, канализация түтүктөрү орнотулду жана электрмонтаждоо жумуштары бүткөрүлдү. Азыркы учурда оорукананы жууп, тазалоо жана  аянтын көрктөндүрүү боюнча жумуштар бүткөрүү алдында турат. Андан тышкары эмеректер орнотулууда жана жакынкы арада медициналык жабдуулар алынып келүүсү күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн