Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 20:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекти дезинфекциялоого 6,2 млн сом жумшалды, - мэрия

03.07.2020 12:25
1179
Бишкекти дезинфекциялоого 6,2 млн сом жумшалды, - мэрия


Бишкек шаарын дезинфекциялоо үчүн 6,2 млн сом жумшалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 


Маалыматка караганда, 18-марттан 27-майга чейин "Тазалык" ишканасы шаардын 191 көчөсүндө, мечиттерде, жаңы конуштарда, обсервациялык жайларда дезинфекциялык иштерди жүргүзгөн. 


Дезинфекциялоо иштерине 76 кызматкер жана 24 атайын техника тартылган. Ага 6 млн  275 миң  245 сомго  21 миң 741 килограмм гипохлорит натрия (хлор) алынган. 

27-июндан 3-июлга чейин дезинфекциялоо иштери улантылган. Ага 11 атайын техника тартылып, "Тазалык" ишканасынын 11 кызматкери иштеген.

 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн