Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 07:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Бишкекти каптаган түтүндөн арылуунун жолдору

04.01.2021 16:25
778
Бишкекти каптаган түтүндөн арылуунун жолдору


СМОГду жоготуунун үч жолу бар. Ал үчүн Кара-Кече көмүрүн жагууну токтотуу керек! Калган эки жолу постумдун акырында.


Түбүм Жумгалдан. Жердештерим жаман көрүшүңөр мүмкүн, анда Жумгал элин сен бак деп. Бирок, айтпасак болбой калды.


Бишкек мэриясына сын айтчу эмес элем. Бирден бир себеби, Балбак байкеге болгон сый-урматым ага жол берчү эмес. Эртең менин постума таарынышы мүмкүн. Сыртынан жаман көргөнү менен, ичинен менин оюма кошулат деп терең ишенем. Эл деген киши эмеспи.


Гүл олтургузуп, кар күрөп, лампочка бурап, жол жууган сыяктуу иш-чаралар эртең менен туруп бети-колуңду жуугандай эле көрүнүш. Аны соцтүйүнгө күн сайын жүктөп "иштеп атабыз", “иштей берели” деп жар салууну кичине болсо да "азайтуу" керек. Ал убакыт өттү. Суракматовду элдин "сүймөнчүлүгүнө" айлантууда Балбак Зарлыковичтин эмгеги зор. Аста-аста жакшы болуп, беркинисине бир паста келип калуу дагы ажеп эмес. 


СМОГ (ыш) күндүзү машина шаар ичи толтура час-пик учурда эмес, түнүчүндө көбөйүп атышы өзү анын каяктан келип атканынан кабар берет. Кара-Кече көмүрүн акыркы үч жылдан бери жагып баштадык. Кесепети бүгүнкү "ыш".


СМОГду азайтуунун үч жолу бар:

1. ТЭЦти толугу менен көмүрдөн ГАЗ системасына которуу керек.

2. Кара-Кече көмүрүн жагууну токтотуу керек.

3. Көмүр менен жылыган Муниципалдык мекемелерди ГАЗга которуу. Алардын арасына мектептер, ооруканалар ж.б. кирет.


Эгер ушул үч нерсени тезинен ишке ашырса шаарда ыш жок дегенде 50-60% азаят.


Суракматов мындай чечимге бара албаса керек. Анын себептери бар. Бирок, эмки мэр Балбак байке болушу толук мүмкүн. Менин эсебимде Балбак байкени алгач Ыссык-Көлгө Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кылып жөнөтүшү божомолдуу прогноз. Себеби, эмки жылы парламенттик шайлоо болот. Ал жактан “катыра иштеп” берген соң же Бишкек шаарынын мэри же Өкмөт башчы болушу мүмкүн. Шайлоодон ызы чуу чыгып кетип эле пландар өзгөрүп кетпесе. Деген менен бул бийлик кеткен күндө деле Балбак байке кызматтан кур калбайт. Чынында иштеп атат. Болгону ашыкча пиардын кереги жок. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт эмеспи, жогору жактагы кээ бир атка минерлерге жакпай калышы мүмкүн.


Анан да маска кийүү менен маселе чечилбейт. Аны тескерисинче "чечүү" керек.


Адилет Калыгулов, жарандык активист


Редакциядан: Автордун бул макаласы 2019-жылы ноябрь айында жарыяланган

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн