Теке 27, 2024
Убакыт: 08:30
USD
EUR
RUB

Бишкектин 2024-жылга бюджети 21,6 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди

27.11.2023 13:36
266
Бишкектин 2024-жылга бюджети 21,6 миллиард сом өлчөмүндө бекитилди


Бишкек шаардык кеңеши борбор калаанын 2024-жылга бюджетин кирешелер жана чыгашалар боюнча 21,6 миллиард сом өлчөмүндө бекитүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү документ шаардык кеңештин сайтында жарыяланды.


Маалыматка ылайык, бекитилген 21,6 миллиард сомго башка нерселер менен катар:

9 млрд сом – шаардык бюджет;

3,4 млрд сом – Ленин административдик районунун бюджети;

3 млрд сом – Октябрь административдик районунун бюджети;

3,4 млрд сом – Биринчи Май административдик районунун бюджети;

2,8 млрд сом – Свердлов административдик районунун бюджети.


2024-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлөт. Мында биринчи кезекте чыгашалар корголгон беренелер боюнча каржыланат: эмгек акы, Социалдык фондго чегерүү, дары-дармек, тамак-аш, калкка социалдык жардам көрсөтүү, стипендиялар.


Бюджеттик мекемелерде бош кызмат орундарынын түзүлүшүнө, алардын штаттык санын өзгөртүүгө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу корголгон беренелер боюнча каралган суммаларды кыскартууга жол берилет.


Каражаттардын чыгымдалышы жана чыгаша статьяларынын максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн