Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо жумуштары качан аяктары айтылды

02.08.2024 16:10
251
Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү оңдоо жумуштары качан аяктары айтылды

Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу учурда Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин жабык. Аталган тилкеде Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин эки катмар асфальт басылды. Фрунзе көчөсүнөн ЖибекЖолу проспектисине чейин бир катмар асфальт басылып бүттү. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо жумуштары 5-августка чейин толук аяктайт.

Ошондой эле Чүй проспектисинде капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Аталган проспект Манас проспектисинен тартып, Панфилов көчөсүнө чейин жабылган.

Андан тышкары, 27-июлда тарта Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгү да жабылып, капиталдык оңдоо башталды. Капиталдык оңдоо жумуштарын ыкчам жүргүзүү максатында ушундай чечим кабыл алынды.

Ал эми Жибек Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө (түштүк тарабы) капиталдык оңдоо аяктады. Учурда түндүк тарабында капиталдык оңдоо жүрүп жатат.

Жибек Жолу проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн башталган түштүк бөлүгүндө Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки аралыкта жолду кеңейтүү, эски асфальтты сыйруу жана жана бордюр орнотуу жумуштары аткарылууда.

29-июлдан тарта Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталды. Анын биринчи этабында Ч. Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлөгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилген.

Капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жаткан Б.Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары 16-июлда башталган. Учурда Сухе Батор көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгында эски бордюрлар демонтаждалып, жаңылары орнотулууда. Жол тилкесиндеги эски асфальт катмары сыйрылган. Жакында асфальт басуу башталат.

Белгилей кетсек, Ахунбаев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары аяктаган. Аталган көчө Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин толук ачылган.

Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылдын алкагында жогоруда аталган алты негизги көчөдө жолду капиталдык оңдоону пландаштырган. Реаблитация боюнча негизги жумуштары 30-августка чейин аяктоо мерчемделүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн