Бишкектин Биринчи май райондук соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө киргизилген чектөөнү 2-декабрга чейин узартты.
Маалыматка ылайык, митингди Ала-Тоо аянтында, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Жогорку Кеңеш, президенттин администрациясы жана УКМКнын алдында өткөрүүгө тыюу салынат. Бирок аталган жерлерде мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды өткөрүүгө болот.
Белгилей кетсек, каршылык акция, митингди М.Горький атындагы гүлбакчада өткөрүүгө болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн