Бишкек шаарынын Медеров-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар 27 жаштагы Айзада аттуу кызды уурдап кетишкен. Бул тууралуу "Кактус.медиага" кыздын жакындары билдирген.
Айзада Канатбекова 5-апрель күнү жумушка бара жаткан. Саат 07:30 чамасында "Хонда Аккорд" унаасынан түшкөн белгисиз адамдар аны уурдап кетишкен.
Анын жакындары милицияга кайрылган. Милиция бул боюнча ишти иликтеп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн