Баш оона 05, 2025
Убакыт: 11:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Бишкектин көчөлөрүнө бирден гана аталыш ыйгаруу сунушталууда

05.08.2025 09:14
18
Бишкектин көчөлөрүнө бирден гана аталыш ыйгаруу сунушталууда


Бишкектин көчөлөрүнө бир эле аталыш ыйгаруу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жайгаштырылды.


Анда Административдик-аймактык реформанын негизинде Бишкек кеңейгени, мындан улам аталыштары бири-бирин кайталаган учурлар бар экени айтылган. Мындан тышкары, бир эле көчөгө бир нече инсандын аты ыйгарылган учурлар бар экени белгиленген.


"Мындай көрүнүш шаардык навигациянын логикасына туура келбейт жана шаар ичинде багыт алууда, муниципалдык жана ыкчам кызматтардын ишинде, кыймылсыз мүлк объектилерин каттоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат", — деп жазылган негиздемеде. 


Муниципалитет Чүй проспектин жана анын уландысын мисал келтирген. Ал башында Фрунзе көчөсү (Новопавловка) болсо, андан аркы бөлүгү Ден Сяопин, уландысы Чүй жана аягы Шабдан баатыр проспектиси деп аталат. Ыңгайлуу кылыш үчүн бир эле Чүй проспектисин калтырып, ал эми Ден Сяопин жана Шабдан баатырдын аттарын башка көчөлөргө ыйгаруу каралууда. 


Долбоордо ошондой эле башка окшош көчөлөрдү бир аталыш менен бириктирүү сунушталууда. Бул учурда да маанилүү ысымдарды сактап калуу үчүн алар менен башка көчөлөрдү атоо каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн