Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкектин көчөлөрүнө эскертүү баннерлери орнотулду (сүрөт)

28.06.2020 09:43
1173
Бишкектин көчөлөрүнө эскертүү баннерлери орнотулду (сүрөт)


Милициянын кайгуул кызматы тарабынан Бишкек шаарынын бир канча көчөлөрүнө баннерлер орнотулду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, Бишкек шаардык ШИИБи боюнча Милициянын кайгуул кызматы коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун жана зомбулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк чыр-чатакка жол бербөө, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо, жарандар жана жаш балдар катышкан жол кырсыгынын алдын алуу, жолдо жүрүү учурунда коопсуздук курун жана ылдамдыкты көрсөтүлгөн белгиде айдоо боюнча айдоочуларга үгүттөө, эскертүү иретинде баннерлер орнотулду.


Алар Бишкек шаарынын Киев жана Исанов, Ахунбаев жана Чапаев, Ден Сяопин жана Каракумская,  Ден Сяопин жана Пишпек, Гагарин жана Айтматов, Киевс жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишине  жана Элебесов, Тыналиев көчөлөрүнө жалпысынан 10 баннерлер илинди. 


Ошондой эле жай мезгили туристтик сезон болгондуктан туристтерди тартуу, алардын коопсуздугун камсыз кылуу  жана алардын жакшы эс алышына шарт түзүү максатында, аларга которуу, багыт берүү иретинде атайын туристтик милициянын  сүрөттөрүнүн катышуусундагы  баннерлер даярдалып чоң көчөлөргө илинди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн