Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектин көчөлөрүнө унааларга курулуш объектилеринен дөңгөлөктөрү булганган абалда чыгууга тыюу салынды

28.11.2023 14:16
157
Бишкектин көчөлөрүнө унааларга курулуш объектилеринен дөңгөлөктөрү булганган абалда чыгууга тыюу салынды


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын көчөлөрүнө унааларга курулуш объектилеринен дөңгөлөктөрү булганган абалда чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.


Агенттиктин директору Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы курулуш объектилерин жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана курулуш өндүрүшүн уюштуруу боюнча ченемдик талаптарды иретке келтирүүнү тапшырды.


Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулуш объектилерин инвентаризациялады.


Мамлекеттик курулуш агенттиги курулуш объектилери курулушта пайдаланылган автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттар менен жабдылышы керектигин белгиледи. Курулуш объектилеринен шаардын аймагына дөңгөлөктөрү булганган абалда кирүүгө тыюу салынат. 


Куруучуларга аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча эскертүүлөр берилди.


Тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлөт, анын ичинде компанияга берилген лицензиялар жокко чыгарылат, деп эскертти мекемеден.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн