Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 23:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте күндүзгү стационарларда 4 адам каза болду, - мэрия

07.07.2020 13:52
1102
Бишкекте күндүзгү стационарларда 4 адам каза болду, - мэрия


Бишкек шаарынын 4 районунда күндүзгү стационарлар иштеп жатат. 


Мэриянын маалыматына караганда, 6-июлга карата 3436 жаран кабыл алынды. Сутка ичинде 1 адам, жалпы 4 адам каза болду. Ооругандарды 32 дарыгер, 13 ординатор, 63 медициналык кызматкер, санитардык кызматкерлер жана ыктыярчылар кабыл алып жатышат. 


Жеке сектордун колдоосу менен ар бир стационарда кислороддук концентранттар орнотулган. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 10, «Газпром»  мекемесинде 8, Чыгыш-5 районундагы стационарда 10, «Бишкекпекарня» муниципалдык ишканасында - 9 аппарат орнотулган. 


Эгерде жарандар оорунун жеңил түрүнө чалдыгып, укол же тамчылатма алууга, дарыгердин кеңешине муктаж болсо, стационарга кайрыла алышат. Иш убактысы саат 08:00дөн  кечки саат 20:00гө чейин.  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн