Бугу 04, 2024
Убакыт: 03:07
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектин медиктерине июль айында жалпы 133,9 млн сом компенсация төлөнөт

31.07.2020 14:17
737
Бишкектин медиктерине июль айында жалпы 133,9 млн сом компенсация төлөнөт


Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштерине катышкан медицина кызматкерлерине июль айында төлөнө турган компенсациянын жалпы суммасы 133,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, вице-мэр Виктории Мозгачева жана медициналык мекемелердин жетекчилери катышкан жыйын өттү. Анда вице-мэр июль айында медиктерге компенсация толугу менен төлөнүп берилерин айтып, керектүү документтерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек шаардык аймактык башкармалыгына өткөрүп берүүнү өтүнгөн. 

"Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине төлөнө турчу айлык маянага жалпы 171,3 миллион сом,  компенсациялык төлөмдөргө 133,9 миллион сом жумшалды", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн