Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектин мэри Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту

01.11.2023 16:49
314
Бишкектин мэри Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту


Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Гуанчжоу шаарынын Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар боордош шаар Гуанчжоу менен өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Айбек Жунушалиев Бишкек жана Гуанчжоу шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштардын түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгы менен куттуктады.

Калаа башчысы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Шаарды жашылдандыруу багытында тажрыйба алмашууда көрктөндүрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашарына ишенерин билдирди.

Өз кезегинде Ван Яньши жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун мэрин Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн