Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 05:05
USD
86.90
87.40
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Бишкектин мурдагы вице-мэринин абактагы мөөнөтү узартылды

20.06.2022 17:23
1004
Бишкектин мурдагы вице-мэринин абактагы мөөнөтү узартылды


Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Азат Узаковдун абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды. Соттун чечими менен ал 18-августка чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында болот. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоого шектелип 19-февралда кармалган.

Атайын кызматтын буга чейин тараткан маалыматына ылайык, Азат Узаков өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган.

Анда Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ишканасынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн