Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 13:38
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Бишкектин жаңы башкы планы иштелип чыгат

19.11.2024 13:56
94
Бишкектин жаңы башкы планы иштелип чыгат


Жакында ордо калаа Бишкектин жаңы башкы планы иштелип чыгат. Бул тууралуу Мамкурулуштун директорунун орун басары Талант Иманакун уулу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, бул административдик-аймактык реформанын алкагында борбор калаанын аянты кеңейгенине байланыштуу болуп жатат.


"Бишкектин жаңы башкы планын түзүп, парламенттин талкуусуна алып келебиз. Анда кайсы жерде көп кабаттуу үй, кайсы жерде жеке турак жай же дүкөн болушу керектиги так бекитилет", — деди Иманакун уулу.


Эскерте кетсек, административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкекке Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айыл аймактары, айылдар, жаңы конуштар кошулган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн