Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 03:27
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Быйыл Садыр Жапаровдун жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт

12.12.2023 12:58
320
Быйыл Садыр Жапаровдун жыйынтыктоочу маалымат жыйыны болбойт


Быйыл Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүү планда жок. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.


Анын айтымында, мындай чечим өлкө башчынын иш графигине байланыштуу кабыл алынган. Ал катышып жаткан иш-чаралардын алкагында коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берүүдө. Анын ичинде Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат.


«Алдыда Элдик Курултай, облустук жана чет элдик сапарлар турат. Жылдын аягында министрлер кабинетинин жыйыны пландалууда», — деди Аскат Алагөзов.


Эске сала кетсек, президент былтыр дагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүүдөн баш тарткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн