"Ысык-Көлдө" курула турган "Асман" шаарынын курулушун Elite House курулуш компаниясынын мурдагы башчысы Тимур Файзиев жетектейт. Бул туурасында Файзиев өзү билдирди.
Маалыматка ылайык, шаардын курулушу быйыл, 2022-жылдын жазында башталат. Курулуш иштери 7-8 жылга созулат.
Аны курууга 20 миллиард доллардай каражат кетери айтылды. Мындан сырткары, Асман шаары алгач 500 миң кишиге ылайыкталып, андан ары миллион киши жашоого мүмкүн болгон эко шаар болот.
Тимур Файзиев өлкөгө 100 миллиард доллар тарта турган инвесторлор менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Пикирлер (3)