Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары мал уурдоону болтурбоо жана эскертүүгө багытталган дайыма ыкчам жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, жыл башынан бери сотко чейинки өндүрүштө мал уурдоого байланыштуу 793 материал болгон, анын ичинен Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 557 фактысынын бети ачылган. Республика боюнча мал уурулук менен алектенген 112 адам адамдан турган 51 кылмыштуу топ кармалган.
"Кылмыштуу топтордун мыйзамсыз аракетинен жалпысынан 1973 мал уурдалган, анын ичинен 1055 мал ээлерине кайтарылып берилген. Алардын ичинен ийри мүйүздүү бодо малдар 583, кайтарылып берилгени 313, 908 майда мүйүздүү мал жандыгынан уурдалса, 478 кайтарылып берилген. Уурдалган жылкынын саны 482, ээлерине 232 кайтарылып берилген. Жарандарга келтирилген жалпы зыяндын саны 46 млн 744 миң сом, анын ичинен кайтарылганы 26 млн 987 миң сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн