Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Быйыл өрт кырсыктары былтыркыга салыштырмалуу 12%га көп катталып, көп адам каза болгон

06.12.2021 14:41
755
Быйыл өрт кырсыктары былтыркыга салыштырмалуу 12%га көп катталып, көп адам каза болгон

 


КР ӨКМнин Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын маалыматында 2021-жылдын 11 ай ичинде республика боюнча 2801 өрт кырсыгы катталып (2020-ж. 2497 өрт), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 12,2% өскөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


Өрттүн кесепетинен 33 адам каза тапкан. (2020-жылы 30 адам), жана 44 адам жабыркаган (2020-жылы 28). Тилсиз жоодон 29 адам куткарылып, 19 млрд. 236 млн. 638 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1820 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 35 % түзгөн.


Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 1133 (18,8%);

мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 265 (13,2 %);

отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 476 (-14,1);

балдардын от менен ойноосуунан – 188 (-13%), өрт кырсыгы болду.


Республикада катталган  өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

Чүй облусунда - 705;

Бишкек шаарында – 454 өрт;

Баткен облусунда - 391 өрт катталган.

Жалал-Абад облусунда - 387;

Ош облусунда - 295;

Ысык-Көл облусунда - 280;

Нарын облусунда - 117;

Талас облусунда - 92;

Ош шаарында - 80;


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн төмөнкү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырат:


• бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

• күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;

• балдарды кароосуз калтырбагыла;

• күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

• электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула. 

• тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн