Чын курандын 06, 2025
Убакыт: 04:09
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Быйыл жазгы эгин былтыркыга салыштырмалуу 26 пайызга аз эгилди

12.04.2022 17:41
1112
Быйыл жазгы эгин былтыркыга салыштырмалуу 26 пайызга аз эгилди

Кыргызстанда жазгы талаа иштери башталды, - деп кабарлайт Улуттук статистика комитети.


Маалыматка ылайык, март айында белгиленген аба ырайынын туруксуз шарттары (температуранын төмөндөшү менен жаан-чачындын көп болушу) жазгы талаа иштеринин темпинин төмөндөшүн шарттады.


Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата республика боюнча жалпысынан 78 миң гектардан ашык жаздык эгин айдалды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 26 пайызга аз.


Жаздык арпа эгилген аянт үстүбүздөгү жылдын 23-мартына карата өткөн жылдын ушул эле датасына жаздык эгин себилген аянтка карата 79,4%, жаздык буудай 69,3%, картошка 68,0%, көп жылдык чөптөр 61,2%, жашылчалар - 50,2% жана май өсүмдүктөрү - 44% түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн