Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мамлекеттик бюджетке 6 миллиард 417,8 миллион сом салык түшпөй калды

20.08.2020 17:26
918
Мамлекеттик бюджетке 6 миллиард 417,8 миллион сом салык түшпөй калды


2020-жылдын 7 айында бюджет 4 миллиард 489,6 миллион сомго кем аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев брифингде билдирди.


“2020-жылдын июль айында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 6 миллиард 859,1 миллион сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган.
Белгиленген план 109,9 % пайызды түзгөн же 616,1 миллион сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 548,9 миллион сомго көбөйгөн", - деди Кабыл Абдалиев.

Ошону менен бирге ушул жылдын 7 айында 40 м
иллиард 452,3 миллион сом салык жыйналган (болжол 44 941,9 миллион сом), план 90% пайызды түзгөн же 4 миллиард 489,6 миллион сомго кем аткарылган.

Белгилей кетсек, январь-февраль айларында салыктарды чогултуу белгиленген пландын алкагында аткарылган, бирок коронавирустук карантинге байланыштуу үстүбүздөгү жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 6 м
иллиард 417,8 миллионн сом, ал эми республикалык бюджетке – 5 миллиард 438,3 миллион сом түшпөй калган.

Акыркы эки айдын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга карабастан мамлекеттик бюджет боюнча артта калуулар 2 м
иллиард сомго, ал эми республикалык бюджет боюнча 1,9 миллиард сомго кыскартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн