Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 03:21
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

Бийлик Каракол паркын Ала-Арча сейил багындай өнүктүрүүгө белсенүүдө

24.01.2025 12:51
263
Бийлик Каракол паркын Ала-Арча сейил багындай өнүктүрүүгө белсенүүдө


Каракол улуттук паркына A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынып, санариптештирилет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Каныбек Туманбаев Каракол улуттук табият паркынын жетекчилиги жана ижарачылар менен жыйын өткөрүп, аталган паркты Ала-Арчанын мисалында өнүктүрүүнү талкуулаган. Ошондой эле ижарага берилген жерлерди иреттештирип чыгуу сунушталды.


"Туманбаев парктын аймагында заманбап A-frame үлгүсүндөгү үйлөрдү жана башка инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тапшырма берди. Ошондой эле паркты толук санариптештирүү тапшырмасы коюлду. Электрондук шлагбаумдар, акылдуу кулпулар жана төлөмдөрдү толугу менен накталай эмес жүргүзүү механизмдерин киргизүү милдеттендирилди. Бул чаралар коррупцияны алдын алууга багытталган", — деп айтылат маалыматта.


Жыйында ошондой эле Караколду кышкы туризмдин борборуна айлантуу боюнча пландар айтылды. Аэропорттун курулушу аяктаганы жана 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканалардын курулуп жатканы белгиленди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн