Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:07
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу Балыкчыда уланууда

15.09.2022 12:20
700
Бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусу Балыкчыда уланууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, элет элинин көйгөйүн чечүүгө багытталган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин калк менен жолугушуусу, бүгүн Балыкчы шаарында уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, бир катар министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү жана жергиликтүү бийликтин башчылары катышууда.


Жыйында, Балыкчы шаарынын тургундарына эркин микрофон берилип, алар көңүл өйүткөн көйгөйлөрү менен кайрылышып, арыздарын узатышты. Негизинен жеке укуктарынын бузулушу, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, шаардагы чарбалык маселелер, укук коргоо органдарына тийиштүү суроолор көтөрүлдү.


Башкы прокурор Курманкул Зулушев, кээ бир жагдайлар боюнча жеринде чечип, убакыт талап кылуучу көйгөйлөр боюнча мыйзамдуу түрдө тийиштүү чаралар көрүлөөрүн билдирди. Ошондой эле ал аталган жолугушуулар мамлекет башчынын көзөмөлүндө экендигин, эч бир кайрылуу жоопсуз, көзөмөлсүз калбастыгын кошумчалады. 


Жолугушуу Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өтүп, ага 400дөй шаардыктар катышууда

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн