Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бийлик органдарынын жетекчилери Баткен жана Ош облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт (график)

23.08.2022 16:13
489
Бийлик органдарынын жетекчилери Баткен жана Ош облусунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт (график)

Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков аймактарды кыдырып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларын улантат.  Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Маалыматка ылайык, бийлик өкүлдөрү сентябрь айында Баткен, Ош облусу жана Ош шаарында жолугушууларды өткөрөт. 


"Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй МинКаб жетекчисинин орун басары жана көзөмөлдөөчү орган менен ички иштер министрине өз көйгөйлүү маселелерин түз айтып, айрым учурларда суроолоруна жоопторду дароо алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. 


Андыктан аталган жетекчилерге, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселеңиздер болсо төмөндөгү графикти карап, бул жолугушууларга катыша аласыздар. 


Жолугушуулардын өтө турган так дареги боюнча кошумча маалымат берилет",- деди Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн