Бугу 09, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бийликке жиндилер, коррупционерлер, авантюристтер келбеши үчүн эмне кылуу керек?

29.03.2021 12:57
748
Бийликке жиндилер, коррупционерлер, авантюристтер келбеши үчүн эмне кылуу керек?


Мамлекетти батып турган кризистен чыгаруу боюнча Кыргызстандын негизги маселелеринин бири бул меритократияны куруу. Латын жана грек тилдеринен которгондо бул «билүүчү», «татыктуу бийлик» дегенди түшүндүрөт. Ал «аристократия» жана «демократияга» карама-каршы системаны түзүүнү талап кылат, маңызы таланттарды колдоо жана идиректүү башкаруучу кадрларды даярдоодон турат. 


Кытайлыктар тээ байыртадан эле бул тапшырманы биринчилерден болуп чечүүгө аракет кылган жана бийлик органдарына кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасы аркылуу ишке кабыл алууну баштаган. Алар кастыкка жана интригага жакын, аны менен башкаруу классын алсыздантып, андан мамлекеттин кубаттуулугу жана улуулугун жабыр тарттыра турган аристократия бардык башкарууну тартып кете албай тургандыгын түшүнүшкөн соң, башкарууга башка катмарлардын өкүлдөрүн да тарта башташкан. 


Мурда башкаруу класс катары башкы кадрлар булагы урук-тукумунан бери келаткан аристократия саналган. Бирок бул система начарлагандан улам, аристократия өз тарабына башка класстардан жана катмарлардан тартууга аргасыз болгон. Аларды тандоо окутуу жана экзамендер аркылуу ишке ашкан. Натыйжада Кытай күчтүү мамлекет болду. 


Жаңы бюрократия мамлекетти бириктирди, өз ара ырк келишпестикти токтотту, Кытай өнүккөн экономикасы жана маданияты менен күчтүү империяга айланды. Саясий подиумдун чокусунда аристократиялык урук-тукумдан эмес көрүнүктүү саясатчылар, ойчулдар жана реформаторлор пайда болду, алар Кытайды, анын дүйнөлүк саясаттагы ролун өзгөртө алышты. Булар – Конфуций, Лао-Цзы, Шан Ян жаша башкалар. Алар өз убактысынан алдыга кеткен идеяларды көтөрүштү - жерге жеке менчикти киргизүү, античный (байыркы) дүйнөгө караганда, биздин эрага чейинки 4-кылымда кулчулукту ликвидация кылышты.  


Башкаруучу класстагы башкаруучу кадрларды тарбяилоо кадамын кийин европалыктар өздөштүрдү жана өндүрүш күчүн, саясатты жана маданиятты өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишти. Натыйжада кадрлар 200 жыл мурда пайда болгон саясий партиялар аркылуу даярдала баштады. Партиялардын арты менен башкаруучу элитада коомду кайра курууда кандайдыр бир максаттуу идеялар жана пландар пайда болду. Бирок кадрдык резервди түзүшү керек болгон биздеги саясий партиялардын көрүнүшү кандай? 


Кыргызстанда азыр 300дүн тегерегинде партиялар бар, тактап айтсак ийримдер жана клубдар. Бир дагы либералдуу же консервативдүү партия жок. Бул көрүнүш албетте рынок экономикасын жана демократияны түзүп жаткан өлкө үчүн таң калычтуу. Социалисттик жана центристтик партиялар көп, мамлекетке бир гана социалисттик партия жетиштүү болмок. 


Бири-бири менен достошпогон эки компартия бар. Экзотикалык, бирок идеологиялык эмес аталыштагы көптөгөн партиялар бар. «Ак халат» партиясы, тамеки өстүрүүчүлөр партиясы жана башкалар. Партияны профсоюздар менен адаштырып алышты. Башкача айтканда, кыргыз партияларынын лидерлери партиялык курулуш боюнча эч нерсе билишпейт, бул эмне болгон институт жана андан эмнени күтүш керек экенин билишпейт. Аялдардын, жаштардын, пенсионерлердин партиялары бар… Бирок, алар дагы ар түрдүү. Олигархтардын ата-энелери жана кедей пенсионерлер бар. Алардын бир партия турушу үчүн кандай жалпылыгы бар? Бардык партиялар жетекчиники. Бир дагы чыныгы демократиялык партия жок. Анан мындай клубдар жана ийримдер менен эмне кылыш керек? Алар эмнени кура алат? Ал эми шайлоо жакын калды… Ага кайрадан идеясы жок псевдопартиялар катышат. Кыскасы, туңгуюк. Андыктан реалдуу партияларды түзүүнү баштоо керек. 


Бирок, бул узак убакытты талап кылган процесс, анда азыр эмне кылуу шарт? Буга байланыштуу эмнени ойлондум. Мисалы, Иранда президентти шайлоого жарандардын баары эле катыша албайт. Балким, бул тартип депутаттыкка талапкерлерге да тиешелүү. Болгону жогорку бийлик ээси гана жактырган талапкерлер болот. Бул, балким бийликке жиндилер, маньяктар, коррупционерлер жана оолукма жиндилер келип клабашы үчүн. Эмне үчүн ушул тажрыйбаны бизге өздөштүргөнгө болбойт? Ирандыктар байыркы жана күчтүү цивилизацияны түзө алышты. Эмне үчүн алардан үйрөнүүгө болбойт. 


90-жылдардын башында президент Акаевдин администрациясында тигил же бул кызматка талапкер интеллектисин аныктоого тесттен өтүшү керек болгону эске түшөт. Мындай жол менен КР билим берүү министри кызматына КНУнун профессору, кафедра башчысы Чынара Жакупова тандалып алынган. Ал эң мыкты министр боло алды. Кийин тестирлөөнү алып салышты жана башкаруу органына достор, кудалар, жердештер, биздин жана чоочун начальниктердин туугандары келе даштады. Болбосо баары кандай сонун башталды эле! 


Биз бул жерде башкача болушу мүмкүн болгон башкаруу классын түзүүнүн башка ыкмалары тууралуу айткан жокпуз. Аскердик төңкөрүш, бийликке молдолор, авантюристтер келген диний мамлекеттер жана башка.


Зайнидин Курманов

Текст Elgezit.kg сайтынан кыргызчага которулду

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Арси.
Башкалар суйлосо дагы сен жана сага окшогон илгерки саясатчы соройлор жон эле койгулачы. Акаевдин убагында саясатта журчу эле, мен билгенден кыргызча дагы суйлой алчы эмес. "Зачем армию столько бюджета" деген, элге олкону, мамлекетти алсыз корсотууго, ошол ойду синирууго,ошого ишендирууго чон "эмгеги" сингендердин бирисин да. Андай "ойчул" " акылман" экенсинер, эмнеге анан ошолорду так ошол учурда кылган эмессинер. Силерде толук мумкунчулук бар болчу. Эми туштон кийин акылдуусунбай.