Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:46
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бийлик өкүлдөрү бир консенсуска келиши керек, - активисттер

14.10.2020 14:10
651
Бийлик өкүлдөрү бир консенсуска келиши керек, - активисттер

Бийликтин өкүлдөрү бир консенсуска келиши керек. Бул тууралуу 14-октябрдагы маалымат жыйында активист Нурсултан Кубанов билдирди. 


Ал өзү кайсыл бир партиянын өкүлү эмес экендигин айтты. 


"Акыркы жумада болуп жаткан окуялар боюнча биз өзүбүздүн жарандык пикирибизди билдирүүнү чечтик. 5-октябрда биз парламенттик шайлоонунун жыйынтыгына нааразы болгонубуз үчүн митингге чыктык. Бизде бир эле максат бар болчу. Ал БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарсын деген талап эле. Митингде президенттин отставкага кетиши сыяктуу башка ураандарды айткан эмеспиз", - деди ал. 


Ошондой эле, Кубанов баардыгы мыйзам чегинде болушу керектигин белгиледи. 


"Баардык дайындоолор мыйзамдын алкагында болушу керек. Биз форма-2ни алып салып, шайлоо босогосун 7 пайыздан 2 пайызга чейин төмөндөтүү, шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго чейин азайтуу керек деп эсептейбиз", - деди ал. 


Ошондой эле, активист Жакшылык Матанов эң негизгиси өлкөнүн эгемендигин сактап калуу керектигин айтып: "Баш аламандык учурунда бир жараныбызды жоготуп алдык. Мындай окуялар кайра кайталанбашы керек. Баардык жарандарды жана бийлик өкүлдөрүн тынчтыкка, биримдикке чакырабыз", - деп билдирди. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн