“Бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.
Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн