Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Блокчейн системасы менен шайлоолорду 20 миң сомго өткөрүүгө болобу?

14.04.2021 12:52
968
Блокчейн системасы менен шайлоолорду 20 миң сомго өткөрүүгө болобу?



Блокчейн системасы менен шайлоо өткөрүү арзан. Мисалы, Кыргызстанда бир шайлоо өткөрүү үчүн 20 миң сом гана сарпталат. Бул тууралуу блокчейн технологиясы боюнча IT адиси Керим Капаров «Марал» радиосуна  берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанда БШК жаңы технологияларга ачык эмес. Бир чети, блокчейн жаңы технология болгондуктан дүйнөгө көп тарай элек.


Блокчейн технологиясына жазылган маалыматтар өчпөйт. Анткени маалымат жүз миңдеген көчүрүү менен бардык серверге тарайт. Дүйнөнүн баарын кыдырып, ал маалыматты өчүрүү мүмкүн эмес.


Бир топ мамлекеттер электрондук шайлоону блокчейн системасында өткөрүшөт. Анткени бул — ишенимдүү, ачык система. Маселен, жарандар БШКнын компьютеринде эмне болуп жатканын билишпейт. Ал эми блокчейнде каалаган адам көрө алат.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Кыргыз муну деле тууралайт