Болот Темиров жана Болот Назаровдун кылмыш иштеринин тергөөсүнүн мыйзамдуулугуна Бишкек шаардык прокуратурасы көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, аталган кылмыш иштерди Башкы прокурор жеке контролуна алган.
Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан Б.Темиров жана Б.Назаровдун кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн