Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:04
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Болот Темировго жасалма документ алууга көмөк көрсөткөндөргө жаза колдонулат

26.04.2022 16:40
402
Болот Темировго жасалма документ алууга көмөк көрсөткөндөргө жаза колдонулат

Журналист Болот Темировдун жасалма документине тиешеси бар үч адамга карата иликтөө башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальнигинин орун басары Чынарбек Майлибеков билдирди.


Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө бул ишке тиешеси бар адамдардын саны өзгөрүшү мүмкүн.


“Мамлекеттик кызматкерлер болгондуктан башка категорияда жана башка өндүрүштө каралат”, - дейт ал.


ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Альтаир Исмаилов журналистке карата төрт сотко чейинки өндүрүш бир ишке бириккенин белгилейт.


“Тергөө аяктап, учурда прокуратура органдары кароодо”, - деди Исмаилов.


Эскерте кетсек, Болот Темировго карата төрт кылмыш иши козголгон: жасалма документти жасоо жана колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизат даярдоо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн