СOVID 19 илдетинен сактануу анын алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын ӨК министри Бообек Ажикеев жана министрлигинин жалпы эмгек жамааты менен биргеликте эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты эмдөөдөн өтүшөт. Илдетти, эмдөөдөн өтүп жана санитардык нормаларды туура колдонуп, өздүк гигиенаны сактоо менен гана жеңүүгө болоорун билдирген министр Бообек Ажикеев.
“Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы эмдөө болуп саналат. Эмдөөдөн өтпөгөн адамдар өзүнө да, туугандарына да коркунуч жаратат. Илимий жактан дагы далилденди. Ошондуктан баарыңыздарды чакырып кетмекчимин эмдөөдөн өтүшүңүздөрдү”- Бообек Ажикеев айтып токтолду.
Эскерте кетсек: COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө министрликтин кызматкерлери тынымсыз иш жүргүзүп, обсервацияларды, күндүзгү, түнкү стационарларды ачып, аларды жабдуулар менен камсыздап, имараттарды, эл көп чогулган жерлерди дезинфекциялоодо жана гуманитардык жардамды кабыл алып, жер-жерлерге жеткирүү иштеринде өз өмүрлөрүн тобокелдикке салып, илдетке каршы турушту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн