Бүгүн, 26-июлда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Боом капчыгайын сел каптады. Бул тууралуу социалдык тармактын колдоонучулары видео жүктөштү.
Анда кокту-колоттон келген селдин кесепетинен унаалар акырындан жүрүп жатканын жана кээ бирлери өчүп калганын көрүүгө болот. Мындан сырткары унаалардын узун тыгыны жаралган.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, капчыгайды катуу жааган жаандан улам ылай аралашкан суу каптаган. Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн