Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:44
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Боом капчыгайында баткакта туруп унаалардын жүрүшүн көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

09.08.2022 14:06
467
Боом капчыгайында баткакта туруп унаалардын жүрүшүн көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда баткакта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында Боом капчыгайында сел жүрүп кеткен.


"Натыйжада жол эки тарапка тең тосулган. Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин видеосун бөлүшкөн.


Бүгүн, 9-август күнү Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалилдин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөр айтылып, кол саат тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.


 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн