Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты

Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты



25-март күнү, саат 11:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок 2 айылында тилкедеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 11:35де Ысык-Көл райондук ӨКБдан 1 жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой чарбасынан 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам, Тоң райондук РИИБден 12 кызматкер өрт өчүрүү ишине көмөк көрсөтүүдө. 


Ошондой эле абалды ыкчам жөнгө салуу максатында саат 12:02де КР ӨКМге караштуу ККББнын ыкчам тобу тартылды. 

Алдын ала маалымат боюнча өрттүн жалпы аянты болжолдуу 5сотыхды түзөт. 


Маалым болгондой аталган аймакта 24-март күнү өрт чыгып, анын жалыны болжол менен 50гектардай аянтты каптаган. Өрт толугу менен саат 21:30да өчүрүлүп, кайрадан өрт чыгып кетүүсүн көзөмөлгө алуу максатында жеринде нөөмөт уюштурулган. 

Кошумча маалымат берилет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн