Теке 09, 2025
Убакыт: 17:08
USD
87.30
87.80
EUR
101.90
102.90
RUB
1.113
1.135

“Борбор Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобо ратификацияланды

09.07.2025 11:39
16
“Борбор Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобо ратификацияланды


Президент Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” форматынын катчылыгы жөнүндө жобону ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.


Мыйзам 2025-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.


Кабыл алынган мыйзамдын максаты – “Борбор Азия – Кытай” форматынын катчылыгы тууралуу жобонун күчүнө кирүүсү үчүн керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу.


Жобо 2025-жылдын 19-майында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчылары тарабынан кол коюлган “Борбордук Азия – Кытай” саммитинин Сиань декларациясын аткаруу максатында иштелип чыккан.


Катчылык “Борбордук Азия – Кытай” форматынын туруктуу иштей турган аткаруу органы катары түзүлөт жана анын ишин уюштурууда уюштуруу, маалымат-аналитикалык, юридикалык жана техникалык камсыздоону жүзөгө ашырат. Катчылык мамлекет башчыларынын саммиттерин жана форматтын катышуучуларынын тышкы иштер министрлеринин жолугушууларын даярдоого жана өткөрүүгө жооптуу болот.


Катчылык, ошондой эле форматтын катышуучу мамлекеттеринин тиешелүү мамлекеттик органдарына Форматтын алкагындагы ар кандай жолугушууларды жана иш-чараларды уюштурууга колдоо көрсөтөт.


Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн