Бугу 01, 2024
Убакыт: 17:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Борбор Азия менен Кытайдын мамлекет башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты

25.01.2022 19:11
1006
Борбор Азия менен Кытайдын мамлекет башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты



Бүгүн, 25-январда, Борбор Азия менен Кытайдын мамлекет башчыларынын дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата онлайн-режиминдеги саммитинин жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Онлайн-саммитке Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев катышты.


Мамлекет башчылары Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын өткөн мезгил аралыгындагы көп кырдуу кызматташуусунун тажрыйбасын жалпылап жыйынтыктап, келечекке карай өз ара алакаларынын багыттарын белгилешти.


Тараптар Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин жаңы доору башталганын жарыялашты. Алар бири-биринин кызыкчылыктарын эске алууга негизделген биргелешкен аракеттер аркылуу мындан ары да Кытай жана Борбор Азиянын иштиктүү мазмуну, маанилүү жыйынтыктары жана бекем достугу менен айырмаланган стратегиялык өнөктөштүгүн арттыруу үчүн бири-бирине көмөктөшүүгө чечкиндүү түрдө даяр экенин айтышты.


Мамлекет башчылары саясий чөйрөдө, коопсуздук тармагында кызматташууну колдоо, ачык-айкындуулукка, өз ара пайдага жана бардык алты мамлекеттин кызыкчылыктарын урматтоого негизделген көп багыттуу иш жүзүндөгү байланышты өнүктүрүү ниеттерин белгилешти. Ошондой эле COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдөгү жана эл аралык байланыштагы кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Тараптар өз өлкөлөрүндөгү жана жалпы эле региондогу тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган Борбор Азия мамлекеттеринин күч-аракеттерин колдоого даяр экендиктерин, ошондой эле алар ШКУ, ИКУ, ЭКУ жана башка эл аралык жана аймактык уюмдардын региондун туруктуулугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мындан ары чыңдоодогу активдүү ролун жакташарын белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн