Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Борбор Азияда коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйүүдө

23.03.2020 10:53
700
Борбор Азияда коронавирусту жуктуруп алгандар көбөйүүдө


Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 60ка жетти. Алардын 31и Нур-Султанда, 25и Алматыда, экөө Караганда шаарында, бирөө Актөбө жана бирөө Алматы облустарында катталды.


Өзбекстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 45ке жетти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, төрт жаңы учур карантинде жаткан адамдарда аныкталган.


22-марттагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавирус менен ооруган адамдардын саны – 14. Алардын ичинен алтоо эркек, сегизи аял. Булар менен байланышта болгон 2628 адам табылып, карантинге алынган.


22-мартка карата дүйнөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 300 миңге жетти. 13 миңден ашык адам каза болсо, 96 миңге жакыны сакайып чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн