Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:51
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда жалпы телеканал түзүү сунушталды

21.07.2022 13:47
794
Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосунда жалпы телеканал түзүү сунушталды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү сунуштады

«Өлкөлөрүбүздүн руханий жакындыгын эске алуу менен биз жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү жана аймактын потенциалы, бул аймакта жашаган элдердин достугу жана биримдиги тууралуу маалымат берүүчү теледолбоорлордун сериясын, билим берүү тармагындагы бир катар теледолбоорлорду, биздин элдерибиздин тарыхы жана өзгөчөлүгү жөнүндөгү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз», - деди Жапаров.

Анын айтуусуна караганда, Борбор Азия демографиялык жактан жаш аймак.

«Биздин өлкөлөрдө жашаган жаштар биздин аймактын келечектеги гүлдөшүнүн кыймылдаткычы болот. Жаш таланттарды бардык тармактарда: экономика, маданият, инновация боюнча колдоо иш-чараларын өткөрүшүбүз керек. Жаштарыбызга, алардын билим алуусуна, жогорку сапаттагы кадрларды даярдоосуна инвестиция салуу маанилүү деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн