Бугу 16, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Боронов: 9 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери өз убагында бүтүп, ишке берилет

19.08.2020 14:30
1031
Боронов: 9 оорукананын курулушу жана оңдоо иштери өз убагында бүтүп, ишке берилет


Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо 9 аймакта ооруканалардын курулушу жана оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, курулуш иштери белгиленген мөөнөттө аяктайт. 


"Курулуш иштерине акча жетпей, ооруканалардын курулушу бүтпөй калат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ооруканалар тиешелүү жабдыктар менен жабдып, өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырмалар берилген. Курулуш иштери аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу 4-5 күнгө кечигиши мүмкүн. Бирок, курулуш токтоп калбайт, ал өз убагында бүткөрүлөт. Ар бир оорукананын курулушу боюнча өкмөт күн сайын маалыматтарды алууда", - деди өкмөт башчы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн