Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:37
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

К.Боронов Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Оверчук менен жолугушту

22.09.2020 17:14
819
К.Боронов Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары А.Оверчук менен жолугушту


Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөгө жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 «Бүгүнкү күндө кыргыз-орус кызматташтыгы жогорку деңгээлде турат. Россия Федерациясы биздин эң негизги соода өнөктөшүбүз болуп саналат жана товар жүгүртүү көлөмү боюнча экинчи орунда турат»,- деди премьер-министр.

Өкмөт башчы экономиканын айрым тармактарын өнүктүрүүдө Россия Федерациясынын тажрыйбасын колдонуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үчүн коррупцияга каршы күрөшүү боюнча негизги иш-чаралардын бири – санариптештирүү, анын ичинде салык тутумун фискалдаштыруу болуп саналат. Биз учурда аталган системаларды жакшыртуу боюнча көптөгөн программаларды ишке киргизип жатабыз. Россия тарапка атамекендик салык администрация тутумун өркүндөтүү, товарлардын маркировкасы жана байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн акысыз техникалык жардам көрсөтүү боюнча оң чечими үчүн ыраазычылык билдирем», - деди Кубатбек Боронов. 

Премьер-министр ошондой эле россиялык тарапка Кыргыз Республикасындагы коронавирустук инфекциянын күчөгөн маалында ага каршы туруу боюнча гуманитардык жана практикалык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди жана эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтери мындан ары карай саламаттык сактоо жаатындагы көптөгөн маселелер боюнча өз-ара аракеттешүүсүнө ишеним билдирди.  

Өз кезегинде Алексей Оверчук кыргыз тарапка жылуу кабыл алуусу жана Бишкектеги өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын кеңешмесинин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал россия тараптын Кыргыз Республикасында салык башкаруусун жакшыртуу, товарларды маркировкалоо жана байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу максатында техникалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. 

Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын ишенимдүү өнөктөшү болуп саналарын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө өз-ара кызыкчылыктарга жооп берген бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. 

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча комиссиясынын 22-кеңешмесинин катышуучуларына бир тууган эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугу үчүн Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы аралык өнөктөштүк мамилелерин чыңдоого өбөлгө түзүүчү бардык маселелер боюнча өз-ара пайдалуу чечимдерге жетишүүнү каалады.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн