Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Боронов: Прогноз боюнча өлкөдө 4,2 млн адам коронавируска чалдыгышы мүмкүн

11.08.2020 14:38
3001
Боронов: Прогноз боюнча өлкөдө 4,2 млн адам коронавируска чалдыгышы мүмкүн


Өлкө боюнча 4,2 млн адам коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августтагы брифингде билдирди. 


"Кыргызстандагы Илимий-консультативдик эксперттик кеңештин алдын ала прогнозу боюнча, бизде 9 жашка чейинки балдардын оорушу дээрлик аз болгондуктан, аларды эсептен алып салганда, коронавируска чалдыгуусу мүмкүн деп – эсептөөгө болжол менен 4,2 млн адамды киргизишип, прогноздор жүргүзүлдү”, - деди Кубатбек Боронов. 


Ал белгилегендей, ачык булактардын маалыматтарына ылайык, элдин 3төн 2 бөлүгү ооруга чалдыккан жок, же симптомсуз өтүп жатат. Ал эми 1,4 млн адамдын ичинен 3төн 1 бөлүгү, же 466 миң адам жеңил формада, дарыгерлердин жардамысыз өтүп жатат.  




Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Азамат
Кыскасы баарыбыз ооруйт экенбиз да. Оозуна кара таш. Ылайым айыкпай кал
Эржигит
Оозуңузга килейган чоң кара таш Кубат ака.
Апаз
Боронов башы жакшы иштебейт. Тообо кылган дын ордуна, элди шылдындаганбы бул
Улугбек
4.2 млн болбосо дагы 2,5-3,0 млн киши ооруду болжол менен
Айдар
Алган акчалары аз болуп,дагы үмүт кылып атышат ВОЗдон.