Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:59
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Боронов менен Арипов жолукту, күнөөлүүлөр жоопко тартылат

01.06.2020 13:36
1273
Боронов менен Арипов жолукту, күнөөлүүлөр жоопко тартылат


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Баткен облусундагы “Чечме-Автодорожный” өткөрмө бекетинде жолукканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Анда тараптар 31-майда чек арада болгон окуяны талкуулаган.


Эки өлкөнүн жетекчилери окуянын мындан ары курчутпоо, чыр чыккан чек арадагы райондордогу кырдаалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле буга чейин эки өлкө тарабынан жетишилген макулдашууларды аткарууну, келип чыккан маселелерди конструктивдүү жол менен чечүүнү белгилеген. Мындан сырткары болуп өткөн окуяга күнөөлүүлөрдү биргиликте аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу маселелсин караган.


"Эки мамлекеттин буга чейин жетишилген макулдашууларды жана келип чыккан маселелерди чечүүдө конструктивдүү мамилени кармана тургандыгы белгиленди. Кубатбек Боронов жана Абдулла Арипов эки жактуу кызматташуу жана башка актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар биргелешкен тергөө чараларын жүргүзүү жана күнөөлүү жактарды жоопко тартуу тууралуу макулдашышты", - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн