Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 17:51
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Боронов шайлоого кетчү каражаттарды коронавирус менен күрөшүүгө жумшоого чакырды

02.07.2020 14:06
1169
Боронов шайлоого кетчү каражаттарды коронавирус менен күрөшүүгө жумшоого чакырды


Шайлоого жумшай турган каражаттарыңарды коронавирус менен күрөшүүгө жумшоого чакырам. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, азыр коронавирус менен күрөшүү үчүн жалпы эл биригиши керек.  


"Экономикалык оор кырдаалга карабай, биз үчүн элдин саламаттыгы биринчи орунда турат. Коомдун айрым чөйрөсү катуу жабыр тартышы мүмкүн. Элдин душманы азыр бир гана коронавиус болуп жатат. Элибиз кыйналды. Бул ооруну жеңиш үчүн ар бир жаран өзүнө жоопкерчиликтүү болушу керек.


Кыйын учурда айрыкча жаштар, ыктыярчылар үйдө отурбай, жардам беришкени жана алардын ынтымакташкан иштери мактоого татырлык. Азыр дагы силерден үмүтүбүз чоң. Көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөр жардам күтүшөт. Биздин ыктыярчылардын иши чоң экенин түшүндүк. Кыйынчылык башка түшкөндө бири-бирибизге жардам берели", - деди премьер-министр. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн