Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады

27.07.2020 11:37
1643
Боршайком саясый партиялар үчүн семинарларды баштады


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 4-октябрга дайындалган шайлоого катышууга билдирме жиберген саясый партиялар үчүн биринчи семинар өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.


Семинарда талапкерлердин тизмесин каттоого берүүчү документтердин эрежелери, шайлоо фонддорунун ишин алып баруу, шайлоо кампаниясын финансылоо боюнча отчетторду берүүнүн тартиби жөнүндөгү маселелер каралды.


Шайлоо мыйзамдарынын алкагында ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкын болушун камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарына талапкерлердин шайлоо фонддорунун каржыланышына, саясый партиялардын, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуунун тартибине, шайлоо фонддорунун каражаттарынын эсеби менен чыгымдарына бирдей ыкма киргизилип, ошондой эле каражатты белек катары берүүгө тыюу салынып жана финансылык отчетторду БШК сайтына милдеттүү түрдө жарыялап турууга байланыштуу тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилгендиги айтылды.


Семинарда азыркы шайлоо кампаниясынын өзгөчөлүктөрү, агитация жүргүзүүнүн негизги эрежелери, шайлоонун жүрүшүндө ага байланыштуу талаш-тартыштарды чечүү боюнча маалыматтар берилип, шайлоонун бардык этаптарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар менен камсыздоонун алгоритмдери да талкууланды.


Кийинки семинарларды БШКнын жумушчу топтору тиешелүү темаларга ылайык алып барышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн