Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:22
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бостериде 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

22.08.2023 08:52
330
Бостериде 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

Бостериде Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү боюнча ИИМдин Атайын багыттагы полкунун үч кызматкерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бостеридеги 23 жаштагы жарандын каза болгон фактысы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.

Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш иши боюнча КР ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.

Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айгакамака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
НЖ
Куноолулор жазасын алыш керек! Айрым маалыматтарга ылайык ИИМдин атайын багыттагы полкунун 5 баласы жок жерден камалган дейт… Окуя болгон жердеги милициялар оз арттарын жабыш учун куноосуз балдарга куноону оодара салгандары кандай, жаш балдардын тагдырына балта чаппагыла! Дагы бир жолу куноолулор жазасын алыш керек? Баары акыйкат жузундо чечилет деген ишеничтебиз…