Кулжа 16, 2024
Убакыт: 22:44
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Бостериде BMW X5 менен Hyundai Gets кагылышты

16.08.2021 09:03
687
Бостериде BMW X5  менен Hyundai Gets кагылышты

Ысык-Көл районунун Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Дөлөнөтү айылында ат майдандын жанында эки жеңил унаа кагылышып кетти. Бул тууралуу аймактык жол коопсуздук кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 15-августта саат 18:00 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол жолунун 84-чакырымында «БМВ Х5» менен «Хендай Гетц» унаалары сүзүшкөн. «БМВ» унаасын Чүйдөгү Биринчи май айылынын 1989-жылы туулган тургуну К.В. башкарып бара жаткан. Укук коргоо органдары кабарлагандай, ал рулду башкара албай, Жалал-Абад шаарынын 1983-жылы туулган тургуну К.А. башкарып бара жаткан «Хендай Гетц» унаасын сүзгөн.


Кырсыктын кесепетинен «БМВнын» жүргүнчүсү — Сокулук районунун 2001-жылы туулган тургуну К.А. жана «Хендай Гетцтин» жүргүнчүсү — Жалал-Абад шаарынын 2002-жылы туулган тургуну М.Р. жабыркаган. Алар аймактык ооруканага жеткирилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн