Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:46
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бостеридеги жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү камакка алуудагы видеого эки жыл болгон (фото)

14.08.2023 13:26
334
Бостеридеги жигиттин өлүмүнө шектүүлөрдү камакка алуудагы видеого эки жыл болгон (фото)


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы YouTube каналына жарыялаган Талас районунун 23 жаштагы тургунун Бостери айылында өлтүрүүгө шектүүлөр кармалган видео эски болуп чыкты.


Маалым болгондой, ыкчам кадрлар мындан эки жыл мурун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда тартылып, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тарабынан YouTube каналына жарыяланган.


Журналисттер менен социалдык тармактардын колдонуучулары айырманы байкаары менен ИИМдин басма сөз кызматы видеону YouTube каналынан өчүрүп салган.


Алардын көзөмөлү боюнча комментарий берип жатып, Ысык-Көл облусунун ИИБсы көрсөтүлгөн видеодо чындап эле архивдик кадрлар колдонулганын белгиледи.


«Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатынын жээгинде эс алуучуну өлтүрүүгө шектүүлөрдү кармоо түнү менен жүргүзүлгөндүктөн, кадрлар сапатсыз болуп чыккан, көрүү кыйын. Буга байланыштуу архивдик видеотасма пайдаланылды», - деп баса белгиледи облустук милиция.


Эске салсак, 6-августта Талас районунун 23 жаштагы тургуну Бостериде Алтын кум пляжында каза болгон. Факты боюнча 8-августта КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси “Адам өлтүрүү” боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк кылмышка шектүү катары төрт адам: Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну, үчөө Ысык-Көл облусунун 29 жана 28 жаштагы тургуну кармалган. Алар эки айга камакка алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн