Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Буга чейин авиакассаны тоногон. Баткенде мал уурдаган жаран кармалды

14.04.2022 17:04
393
Буга чейин авиакассаны тоногон. Баткенде мал уурдаган жаран кармалды

Кылмыш жасап изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу   Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


2022-жылдын март айынын баштарында Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57жаштагы тургуну өзүнүн мал сарайынан түн ичинде белгисиз атуулдар тарабынан 3баш бодо малын мал сарайынан уурдаткандыгын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.


Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары уюштурулуп, Кадамжай РИИБдин Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21жаштагы Ж.С.атуу тургунун аныкташкан.


Шектүү Ж.С. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында уурдалган бодо малдарды сатып жаткан жеринен малдарды таштап өзүнүн изин жашырганга үлгүргөн.


Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө Ж.С. Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен аныкталып кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. ушул жылдын январь айларынын аяк чендеринде Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан «My Travel KG» аталышындагы авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50000сом акчаны уурдап кеткендиги белгилүү болду.


Кылмышка шектүү Ж.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн