Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Буга чейин да жергиликтүү жетекчилер кармалган. "Кадастр" мекемесинин башчысы кармалды

27.12.2021 11:48
626
Буга чейин да жергиликтүү жетекчилер кармалган. "Кадастр" мекемесинин башчысы кармалды

Бүгүн, 27-декабрда "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин башчысы кармалды.


УКМК, (КР Кылмыш-жаза кодексинин 2017-ж.) 319-беренесинин 1-пунктунда каралган айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталаган сотко чейинки өндүрүштүк иштин алкагында, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы «Т.Б.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


        Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылган.

 

   Бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери «Б.Б» жана «Ш.С.», Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы "И.Г.", Нариман айыл аймагынын башчысы «Н.Х.», коррупциялык топтун мүчөсү «Н.Х.» жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы «А.М.Ж.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилишкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн